super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Сапарбаев келе жаткан парламенттик шайлоодо Бишкек шаарынан талапкер болуп чыгат

 
Жоомарт Сапарбаев
Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев 2015-жылдын күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоодо Бишкек шаарынан талапкер болуп чыгат. Маалыматты бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынан билдиришти. Депутат лыжа тебүүдө алган жаракатынан улам учурда экинчи операцияга даярданып жатканы айтылды. Сапарбаев быйылкы кышта лыжа тээп жүргөндө жаракат алып, бутуна операция жасаткан. 
Эскерте кетсек, кыргыз саясатчыларынан лыжадан жаракат алгандардын катарында экс-башкы прокурор Аида Салянова менен Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков бар. Төрага быйыл кырсыктап бутуна операция жасатса, экс-башкы прокурор 2014-жылдын январында лыжа базаларынын биринде кырсыкка учурап, акырегин сындырган.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: