super.kg logo

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тили окутула баштады

 

Тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө үйрөтүүчү семинар-тренинг уюштурууда. Бул тууралуу 3-мартта мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, алгачкы окутуу кечээ, 2-мартта Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы китепканада башталды. Ага Октябрь, Биринчи Май, Ленин, Свердлов райондорунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен мамлекеттик тил адистери катышышты.

Семинар-тренингдин ачылышында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары А.Кулматов катышуучуларга ийгилик каалоо менен бирге тил билүү деңгээлин аныктоочу “Кыргыз тест” системи жакынкы аралыкта ишке кирерин билдирди. “Кыргыз тест” күчүнө кирсе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кыргыз тилди билүү муктаждыгы жараларын айтат Кулматов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: