super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Аида Салянова коррупцияны ооздуктоодо мыкты иштерди жасады"

 
Роза Отунбаева президент болгондон кийин кыргыз жеринде аялдардын чоң саясатка аралашуусу активдешти. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев 3-мартта Кыргыз аялдарынын улуттук форумунда билдирди. "Роза Исаковнанын 1,5 жылдык президенттигин сындагандар бар. Бирок биз эң негизги маселени көргүбүз келбейт. Ал кыргыз мамлекетинде тынчтыкты орнотту. Кыргыз жериндеги буркан-шаркан түшкөн саясатты бир нукка салып тынчытты. Өлкөнү оор кырдаалдан акылмандуулук, эрдик менен алып чыкты. Ошондуктан биз ага бүгүн жана эртең, келечекте дагы рахмат айтышыбыз керек",- деди депутат.
Текебаев саясатта аялдардын активдешүүсүн төмөнкүдөй түшүндүрдү:

"Акаев менен Бакиевдин учурунда саясаттын асманында бир эле жылдыз бар эле: Чолпон Баекова. Роза Отунбаева президент болгондон кийин көз карашыбызды өзгөртүп, не деген аялдар биздин асманыбызга келди. Президент аял болду, башкы банкир, башкы сот, башкы прокурор аял болду. Башкы прокурор аял болуп, эркектерди отургузуп жатат. Аида Салянова мамлекеттеги коррупцияны ооздуктоодо, өлкөнүн укуктук нукка түшүшүндө асыл иштерди жасап берди. Мына, Салянованын ордуна кайрадан жаш аялзаты келип иштөөдө, бул жаңы системдин артыкчылыгы. Мен ишенем, кийинки шайлоодон кийин да аялдар биздин коомдук турмушубузда, саясатыбызда активдүү ролду ойношот". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: