super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз тилинде мыйзам жазуу аракети жанданууда" дейт парламенттин тийиштүү бөлүмүнүн башчысы

 

Мындан 5 жыл мурда мыйзамдардын дээрлик баары орус тилинде даярдалса, азыркы учурда мамлекеттик тилде мыйзам жазуу жанданууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Жумабек Медералиев 3-мартта "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди.

Мыйзам талаасындагы кыргыз тилин колдонуу жаатындагы көйгөйлөр тууралуу айтты бөлүм башчы. 

"Мисалы, юриспруденциянын лексикасы менен иш алып бара турган мыкты чеберчиликтеги адистерге болгон талап күч. Анткени мыйзам жазууда бир гана тилчи же юрист болуу жетишсиздик кылат. Ар бир сөз, терминдин түшүндүрмөсүн билген адис бир эле мезгилде филолог катары тилдин өзгөчөлүгүн, ал эми юрист катары сөздүн тамырын тереңден билүүгө тийиш",- дейт Медералиев.

Эскерте кетсек, 10-11-март күндөрү Жогорку Кеңеште кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы ирет "Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү" деген темада илимий-практикалык конференция өткөрүлгөнү жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: