super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитетинин “Кумтөрдөгү” көчмө жыйынында экология көйгөйү талкууланууда

 

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Отун энергетикасы жана жер казынасын пайдалануу комитети “Кумтөр” кенинде көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйынга аталган комитеттин мүчөлөрү, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев, “Кыргыз алтын” ишканасынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышууда.

"Жыйындын катышуучулары кен жайгашкан аймактагы Давыдов мөңгүсүнүн, Петров көлүнүн, кен иштетүүдөн чыккан таштандылар сакталган жайдын абалын көрүшүп, кен казуу иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Депутаттар кен иштетүүдөгү экологиялык маселелерди көтөрүп, адистерден маалымат алышууда",- деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: