super.kg logo
  Саясат  

Баалуу металл куймаларын даярдоо жана сатыкка чыгаруу демилгесин парламенттин тийиштүү комитети жактырды

 

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 3-марттагы жыйынында баалуу металлдардын куймаларын жүгүртүүгө чыгарууга багытталган мыйзам долбоору каралып, 3 окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Демилгечи депутат Чыныбай Турсунбековдун айтымында, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө алтын жана күмүш куймалары башкы валютанын атаандаштарынын бири катары каралат. Өлкөдөн жылына 17 миң тонна алтын, 5 миң тонна күмүш чыгарылып кетет. Ошондуктан алтын жана күмүш сындуу баалуу металлдарды өндүрүп жаткан кыргыз өлкөсүндө аларды товарга айландыруу демилгеси көтөрүлүүдө.“Мисалы, Улуттук банкка 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы алтын куймаларын жасоо жана аларды калкка сатуу сунушталып жатат. Алтынды азыркыдай дүңүнөн сатканга караганда товар түрүндө сатуу мамлекет үчүн пайдалуу”,- дейт Турсунбеков.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов алтын башка валюталарга салыштырмалуу туруктуу экенин белгилеп, демилгени колдой турганын айтты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: