Жергиликтүү кеңештин айым депутаттары парламентте айылдагы көйгөйлөрдү көтөрүштү

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 3-мартта парламентте жергиликтүү кеңештердин айым депутаттары менен жолугушту. Анда үй-бүлөдөгү зомбулук, айылдык аялдар кеңешин мамлекеттен каржылоо, кризистик борборлорду көбөйтүү маселеси талкууланды. ЖКдан билдиришкендей, Алтыбаева борбордук бийликтин ыйгарым укуктары тууралуу маалымат берди.
"Силер эл менен тыгыз байланышта иштешесиңер, ошондуктан жарандардын көйгөйүн жакшы билесиңер. Силер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жакшы кызматташып, бөлүнгөн каражатты чыныгы муктаж тармакка жиберишиңер керек",- дейт Алтыбаева.
Депутат парламент өкүлдөрү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары биргеликте көптөгөн көйгөйдү чечсе болорун кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

