super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жериндеги 5 оорукананы заманбап жабдуулар менен камсыздоо келишимине кол коюлду

 
Саламаттыкты сактоо министрлигинде 3-мартта 5 медициналык мекемеде медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу долбоору боюнча 5 келишимге кол коюлду. Келишим Япония өкмөтүнүн атайын программасынын алкагында түзүлгөнүн, документке саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жана Япониянын кыргыз жериндеги элчиси Такаюки Коикэнин катышуусунда кол коюлганы айтылды. Медициналык мекемелер 5 долбоордун алкагында заманбап медициналык жабдууларды алышты.
1. Энеликти жана баланы коргоо улуттук борборуна 153 993 долларлык жабдуу берилди (ымыркайлар үчүн инкубатор, ымыркайлар үчүн реанимациялык комплекс жана башка). 
2. Ысык-Көл облустук ооруканасына 102 343 долларлык жабдуу берилди (УЗИ аппараты жана башка).
3. Токмок аймактык ооруканасына 100 453 миллион долларлык жабдуу берилген (УЗИ, рентген жабдуусу, ымыркайлар үчүн тараза жана башка).
4. Өзгөн аймактык ооруканасына 90 274 долларлык жабдуу берилген (УЗИ аппараты, кардиовизор жана башка).
5. Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна 89 239 долларлык жабдуу берилди (операциялык стол жана башка).  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: