super.kg logo

Акыркы суткада өлкөдө 13 өрт кырсыгы катталып, Москва районунда самсакана жана ветеринардык дарыканадан өрт чыкты

 
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Борбордогу Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан Пионер көлүнүн жээгинде 700 чарчы метр камыш күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон. Учурда күнөөлүүлөр такталууда. Ошондой эле Москва районуна караштуу Беловодск айылында самсаканадан өрт чыкты. Анын кесепетинен 1 духовка, 1 стол, отургуч жана жанындагы ветеринардык дарыкананын 3 чарчы метр, шифер жабылган чатыры чала күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуусунун себеби такталууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: