"Халифат курууга үндөгөн" деп айыпталган мечит имамы СИЗОдо дагы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө
"Халифат курууга үндөгөн" деп айыпталган мечит имамы Рашод Камалов СИЗОдо дагы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин 10-башкы башкармалыгы тарабынан Рашод Камалов отурган №5-СИЗО текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында Камаловдун жанынан диний-экстремисттик материалдар жана уюлдук телефон алынган.
Айта кетсек, 1978-жылы туулган Рашод Камалов Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сараксий” мечитинин имамы болгон. Ал уюлдук телефон жана интернет аркылуу жарандарды халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык таратканы үчүн айыпталууда. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Камалов Оштогу №5-СИЗОго киргизилген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Провокацияга жол жок! Эскертүү!