super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү менен Катардын мамилесин бекемдөөчү мыйзамга президент кол койду

 
Мамлекет башкы Алмазбек Атамбаев 4-мартта "Кыргыз Республикасы менен Катар өлкөсүнүн ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" ратификациялык мыйзамга кол койду. Эки өлкө ортосундагы экономика, соода, техника тармагындагы: өндүрүш, энергетика, айыл чарбасы, коммуникация, транспорт, курулуш, туризм боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган документти 2015-жылдын 5-февралында парламент кабыл алган. 
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Катар мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине бул макулдашуунун күчүнө киришине зарыл болгон бардык ички мамлекеттик процедураларды кыргыз тараптын аткарганын кабарлоо тапшырмасы берилди. 
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: