Мамлекеттик кадр кызматы: "Чет өлкөлөрдөн окуп, кыргыз жеринде айыл өкмөт башчысы болуп иштегендер бар"
Чет өлкөлөрдөн окуп келгендердин арасында айыл өкмөт башчысы болуп иштеп жаткандар бар. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Бахтияржан Фаттахов билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөдөн окуп келгендер - кыргыз элинин байлыгы. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир топ мамлекеттердин өкмөттөрү менен мекендештерибизди окутуу боюнча келишимдерди бекиткен. Окуп келгендер жооптуу кызматтарга келип жатышат. Көбү айыл өкмөттөрүн жетектешүүдө. Мындай ишмердүүлүктүн натыйжасы жакшы",- деди Фаттахов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

