super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети Нагоя протоколуна кошулду

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун "Нагоя протоколуна" кошулуусу тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.  

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз  Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун "Нагоя протоколуна" кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысына депонирлесин деген милдет тагылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: