Кыргыз жеринде кадрларды ротациялоо аркылуу трайбализмди жок кылуу сунушталды
Бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышы талкууланып жатат. Жыйында депутаттар Мамлекеттик кадр кызматы трайбализмдин алдын алуу багытында кандай иш жүргүзүп жатканын сурашты. Мекеменин башчысынын орун басары Бахтияржан Фаттахов учурда кадрларды ротациялоо боюнча механизм иштелип чыккандыгын билдирди. "Айрым статс-катчылар "мен 6-7 жыл бою бир кызматта иштедим, башка жерге өтөйүн" деп айтышууда. Ушуну эске алуу менен тиешелүү жобо долбоорун даярдап парламенттин кароосуна жөнөткөнбүз",- деди Фаттахов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

