Кызматкерлерди иштен мыйзамсыз кетирген жетекчилердин "кара тизмеси" түзүлдү, тизмеде экс-министр Акылбек Жапаров бар
Кызматкерлерди кызматтан мыйзамсыз кетирген жетекчилердин "кара тизмеси" түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынын орун басары Бахтияржан Фаттахов билдирди. Анын айтымында, аталган тизмеде мурунку жана учурдагы мамлекеттик жетекчилер бар. "Тизмеге мурунку каржы министри Акылбек Жапаров, ИИМдин мурунку башчылары Зарылбек Рысалиев, Шамиль Атаханов, Абдулда Суранчиев жана облустук ички иштер түзүмдөрүнүн жетекчилери киргизилген",- деди Фаттахов.
Автор: Нургазы Аматов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

