Балдардын кордолушуна каршы митинг Татарстандын президентинин иш сапарына байланыштуу 1 саатта аяктады



Балдардын кордолушуна каршы митингге чыккандар Татарстандын президентинин иш сапарына жолтоо болбоо үчүн 1 саатта тарап кетишти. Бул тууралуу уюштуруучу Гүлбарчын Барыктабасова митингдин жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, бул митингди "Ала-Тоо" аянтында өткөрүү боюнча шаардык мэриядан уруксат 27-февралда алынган. Иш-чара саат 12:30да башталып, 2 саатка созулмак. Бирок бүгүн 11:15те Биринчи Май райондук соту митингди Горький сейил багында өткөрүү боюнча чечим чыгарган. Бул чечим Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун Бишкекке келиши менен байланыштуу экенин айтат Г.Барыктабасова. “Бизди Татарстандын президентинин расмий иш сапарына жолтоо болосуңар деп Горький сейил багына жөнөтүшмөк. Бирок суранып жатып иш-чараны "Ала-Тоо" аянтында уюштурдук. 2 саатка созула турган тынч митинг ошол себептүү 1 саатта жыйынтыкталды”,- деди активист айым.


