super.kg logo
  Саясат  

Мектеп керектөөсүнө ыктыярдуу акча чогултуу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

 

Жогорку Кеңештин 4-марттагы жыйынында "Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоорунда мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин мыйзамдарга карама-каршы келбеген каржылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартууга укуктуулугу белгиленген. Камкорчулук кеңеш билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте келерки жылда республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн аныктайт. Бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо алардын жоопкерчилиги карала турганы долбоордо каралган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: