Сибирдеги университетте кыргыз маданиятын көрсөткөн фестиваль өттү

Февраль айынын соңунда Сибирь федеративдүү университетинде кыргыз маданиятын көрсөткөн фестиваль орун алды. Бул тууралуу 4-мартта "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Красноярск шаарында экономикалык форумдун алкагында өткөн фестивалды аталган окуу жайда билим алган "Манас" жана "Тимуровчулар" студенттер тобу уюштурду. Улуттук маданий айдыңда сүрөттөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары коюлду. Саамалыкта коноктор кыргыздын улуттук тамактарынан даам татып, концерттик программага күбө болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.