super.kg logo

Коомдук активист: “Депутаттар жеңилдиктеринен баш тартышпаса, референдум өткөрөбүз”

 

“Депутаттар парламенттик шайлоого өтүш үчүн миңдеп саналган акчаларды коротушат, мунун баары эмнеге деген ой жаралат? Алар эптеп депутат болуп алып, анан 5 жыл бою элдин акчасына даяр үйдө жашап, кымбат унаа тээп, алар үчүн атайын делген санаторийлерде эс алып, чет өлкөгө чыгууну көздөшөт”. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта маалымат жыйынында журналист Азамат Тынаев билдирди. Анын айтымында, бул көтөрүлүп жаткан сөздөргө депутаттар көңүл бурушпайт. Андыктан алардын жеңилдиктерин эл өзү референдум өткөрүп, жоюп салышы керек.

“Референдум өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, биз 300 миң адамдын колун топтошубуз керек. Бул кыйынга турат деп ойлобойбуз, анткени аталган маселе ар бир кыргыз жаранынын оюнда турат.

Референдумга жеткирбей, биз депутаттардан суранат элек, биринчиден, аларга делген үйлөр сатылып, ал акча казынага түшсүн. Башка облустан келгендердин чынында эле үйү жок болсо, ошолорго гана ижарага батир алып беришсин. Экинчиден, чет жакка барган саякаттары жөнүндө коомго ачык болгондой кылып отчёт беришсин. Үчүнчүдөн, курортторго барып эс алууну өз чөнтөктөрүнөн чыгарышсын. Эл кыйналып жашап жатса, алар эмнеге биздин эсебибизден чардаш керек?”- дейт Тынаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.03.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул туура көтөрүлүп жаткан маселе. Мурда алынып салынган. Депутаттар сонун эле иштешкен. Мамлекетти өркүндөтүүгө депутаттар демилгечи болуп, өзүлөрүнүн эбегейсиз зор салымдарын кошуп, өтүшүп кеткен чыгымдарды кыскартышат деп ишенсек болот го дейм. Бирок ким билет??? Сөзсүз референдумга барыш керек го. Эл жалпы колдойт деп ишенем. Булар элдин эсебинен жашайт да.
04.03.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Oho,molodcy!!! Batyraak iwke awyrsanar sonun bolot ele. Ata enesi jok jetim baldarga jana Detdomdorgo koburook jardam beriwse
05.03.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туптуура демилге которгон.эл колдойт.аягына чыккыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: