super.kg logo
  Саясат  

Талас. Облуста алтын казуу иштерине каршы болгон жергиликтүү тургундар маалымат жыйын өткөрүштү

 

Талас облусунун жергиликтүү тургундары Зарылбек Анарбаев, Серен Шейшенов, Малик Тайгожоев бүгүн, 12-февралда маалымат жыйын өткөрүшүп, облус аймагындагы кен казуу иштери тууралуу маалымат берди. Шейшеновдун айтымында, 8-февралда Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде республиканын 7 облусунан келген атайын өкүлдөрдүн катышуусу менен жыйын болуп, анда алтын кендерине байланышкан бир топ чечимдер кабыл алынган. Ал эми Зарылбек Анарбаев буларга токтолот: “Талас облусунда алтын казуунун кажети жок. Алтын өндүрүүдө колдонулган уулуу заттар элди тукум курут кылат. Эгерде алтынды алабыз дешсе, илгери эле орустар казышмак. Алар бул иштер жергиликтүү эл үчүн кооптуу экенин билип, алтын өндүрүшкөн эмес ”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: