Балдарды кордоого каршы чыккандар "татыктуу коомдо бөтөн бала болбойт" деп резолюция кабыл алып, өкмөткө жолдошту
Иш-чара резолюциянын кабыл алынышы менен аяктады.


Иш-чара резолюциянын кабыл алынышы менен аяктады.

Иш-чарага жашы да, карысы да катышты.

Иш-чарага жашы да, карысы да катышты.

Иш-чарага жашы да, карысы да катышты.

Митингге белгилүү ырчы Гүлнара Тойгонбаева да катышты.

Иш-чарага жашы да, карысы да катышты.


Кабыл алынган резолюция.

Кабыл алынган резолюция.

Иш-чара бүткөндөн кийин келген шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова өз сөзүндө жетишпей калганын айтты.


Митингге катышкандардын саны арбын болду.

Митингге катышкандардын саны арбын болду.

Митингге катышкандардын саны арбын болду.







Митингге катышкандардын саны арбын болду.



Бүгүн, 4-мартта борбордогу "Ала-Тоо" аянтына жаш балдардын зордук-зомбулукка кабылышына каршы митингге чыккандар резолюция кабыл алышты. Кабыл алынган резолюцияга карата тиешелүү чаралардын көрүлүүсү үчүн ал өкмөт, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарына жөнөтүлдү.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
Иш-чараны жыйынтыктап жатып анын уюштуруучуларынын бири Гүлбара Барыктабасова бул жагдайды чечүүчү тиешелүү мекемелер жана бийлик өкүлдөрү дыкаттык менен иш алып баруусу керектигин белгиледи.
"Биз атайын бүгүн Эл аралык аялдар күнүнүн алдында чогулуп жатабыз. Канчалаган жаш балдар кордук-зомбулукка кабылып ооруканада дарыланып жатышат. Ал эми канчалаган баланын зордук-зомбулкка кабылганы жашыруун түрдө калып, кылмыштын бети ачылбай калды. Биз коңшубуздун үйүндө эмне болуп жатканын билбейбиз, канчалаган баланын ыйы басылбай жатканын да, тилекке каршы, биле албайбыз. Муну биз айтпасак, ким айтат? Бул нерселер токтотулушу керек. Келечекти куруу үчүн ага бүгүндөн баштап кам көрүү зарыл. Биз бул жерге жөн эле чогулуп, кыйкырып коюп кетип калбайбыз. Биз, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана жөн гана энелер, атайын резолюция кабыл алдык. Мына ушуну өкмөткө жөнөтөбүз, андан натыйжа чыгат деп ишенебиз",- деди Г.Барыктабасова.
Ал эми укук коргооочу Чолпон Жакупова милиция кызматкерлерине митингди үзгүлтүккө учуратпаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
"Бүгүн аянтка чогулган элди кубалабай, тынчтыкты сактап берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Митинг башка жерде өтүшү керек эле, бирок чогулгандарды ары-бери кубалабастан, ушул жерде аяктады. Бул өлкөдө бекер эч нерсе жок, биз баарыбыз салык төлөйбүз. Демек, биздин бийликтен бул жагдайга чара көрүлүшүн талап кылууга укуктуубуз. Биз балдарыбызды көчөгө жалгыз чыгаргандан коркуп калдык. Бул жагымсыз, элдин тынчын алган көйгөйлөргө бөгөт коюлушу керек", - деди Ч.Жакупова.
Айта кетсек, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында жаш балдардын зордук-зомбулукка кабылышын токтотуу максатында митинг болуп өттү. Иш-чарага бир катар коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, ар кандай коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.