Жогорку Кеңеш мектепте ата-энелерден акча чогултууну ачык кылууга макулдук берди
Жогорку Кеңештин 4-марттагы жыйынында "Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.
Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоорунда мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештеринин мыйзамдарга карама-каршы келбеген каржылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартууга укуктуулугу белгиленген. Камкорчулук кеңеш билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте келерки жылда республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн аныктайт. Бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо, алардын жоопкерчилиги карала турганы долбоордо каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

