super.kg logo

"Бүбүмариям Муса кызы 10 томдук "Айкөл Манас" китебин порнографияны аралаштырып жазган" дешет активисттер

 

Бүбүмариям Муса кызы "Манасты" бурмалоодо”,- деп билдирди “7-апрель күчтөрү коомдук бирикмесинин мүчөсү Чынара Жамгырчиева. Бул тууралуу 4-мартта Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, Бүбүмариям Муса кызы белгисиз бирөөлөрдүн каражаты менен “Айкөл Манас” деген 10 томдук китеп чыгарып, кыргыз мамлекетине акысыз таратып жиберген. “Бул китеп менен "Манастын" буга чейинки варианттарын жокко чыгарып, "40 чоронун бири Жайсаңдын арбагы менен түшүмдө сүйлөшүп жазганмын" деп коомчулукка таркатып жиберген. Бул китепти окуу куралы катары колдонууга экс-министр Канат Садыков тарабынан кол коюлган экен. Азыр китеп Кыргыз-Орус Славян университетинде колдонулуп жатат. Китеп 2011-жылы чыкканда экс-президент Роза Отунбаева каршы болуп, китеп басмаканадан артка кайтарылган, кийин аталышын өзгөртүп басмаканадан чыгарып жиберишкен. Ошондой эле китепке порнографияны аралаштырып жазган. Азыр мен аны айтып берүүдөн уялам. Андан сырткары Бүбүмариям Муса кызы түшүндө Жайсаң менен орусча сүйлөшүп жазыптыр”,- деди Жамгырчиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(32)
04.03.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура маселени көтөрүшкөн, ошону байкап, көз жумуп койбогонуна буларга ыраазычылык.

Бул абдан ызы-чуулуу маселе болчу, бул боюнча чоң илимий конференция болуп, кыргыздын акын-жазуучулары, манас таануучулары, академик, профессорлор, илим адамдары катышкан, чооң талкуу болгон.Ал бир канча күнгө созулуп, конференциянын материалдары кыскартылбай, оңдолбой гезитке жарыяланып турган (кайсы гезит экенин унутуп жатам).Жыйынтыгында президентке кайрылуу жолдонгон (жаңылбасам, 100дөн ашык адам кол койгон).
Модератор Мэри түзөттү 2015-03-04 17:39:47
04.03.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар да ушул маселени көтөрүшкөн.Анткени улуу эпосубуз бурмаланып, кайдагы бир каармандар кошулуп, кыргызга тиешеси жок, башка варианттарда кезикпеген, классикалык вариантына жакындабаган адам аттары, окуялар кошулуп кеткен, ж.б. көп маселелер козголгон. (Азыр убактым жок болуп жатат, толугураак жазганга.Сунушум: ошол гезитти таап окусаңар толук маалымат аласыңар)...
04.03.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообо Жайсандын орусча билгенин кара ал да москвада иштеп келген болсо керекда.
04.03.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орус тили ошондо эле расмий тил окшойт да бизде.
04.03.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хаха к0менттер супер. Тиги аял дагы эшектин этинен жегендирда...
04.03.2015. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Улуу дастандын дөөлөттөрүн, нукуралыгын бурмалоого эч кимдин акысы жок.Учурда “Манасты” түшүнгөндөрү да, түшүнбөгөндөрү да беттерине кармап алып, каалагандай булгап жатат. “Манас” эпосуна чабуул 1952-жылы болуп, анда Б.Юнусалиев, Т.Сыдыкбеков, М.Ауэзов жана башка атактуу окумуштуулар, жазуучулар сактап калган эле. Азыр да Сагымбай менен Саякбайдын “Манасын” бурмалоо кайра башталып, кыргызды сактап келген улуу мурасыбыз бурмаланып жатат".(Бексултан Жакиев, "Азаттык",23.10.2013)
04.03.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүбүмариямдын аталган китебин эпостун жаңы варианты катары, "Манас" дастанынын чыныгы түп нускасы катары сунуштап келишкен (арбак менен сүйлөшүп жазылган деп эсептегендер). Бирок окумуштуулар Бүбүмариямдын "Айкөл Манасы" улуу эпоско идеологиялык диверсия деп санап, аны окутууга тыюу салууну талап кылышкан. 23-октябрда (2013 болуш керек) Бишкектеги Тарых музейинде өткөн конференция да ушул темага арналган.
Модератор Мэри түзөттү 2015-03-04 23:39:46
04.03.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдагы жыйындарда айтылган, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган 53 илимий-публицистикалык макала топтолуп, "Улуу "Манас" жана анын фальсификаторлору" аттуу жыйнак жарык көргөн (бул тууралуу китептин түзүүчүлөрүнүн бири Садык Алахан айтып берген).
04.03.2015. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
("Фабула" гезитине чыккан экен, баары батпагандыктан бөлүп-бөлүп жайгаштырууга туура келди)
1.
Кайыптан алынып жазылды делинген "Айкөл Манас" эмгегине таптакыр тыюу салынсын!

"Манас" эпосун сактоо жана кеңири жайылтуу" Республикалык коомдук кыймылынын демилгеси жана уюштуруусу менен өткөрүлгөн "Улуу сөздүн кечээги жана бүгүнкү тагдыры" аттуу илимий-практикалык конференция "Манас" эпосу дүйнөлүк рухий-көркөм байлыктардын алтын казынасына кирген кайталангыс залкар чыгарма экендигин белгилейт.
04.03.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2.
Эл-жердин эркиндигин, ынтымагын, достукту, адеп-ахлактык, рухий-көркөм, философиялык асылдыктарды даңазалап, элибиздин көп кылымдык күрөшүн, тарыхын, дүйнө таанымын бөтөнчө көркөм-эстетикалык бийиктикте баяндаган бул чыгарма эл тарабынан жаратылып, өнүктүрүлүп келген жана аны элдин өзүнөн башка эч ким энчилеп алганга, маани-маңызын бурмалоого акысы жок.Кийинки жылдары "Манас" эпосун жана анын борбордук каармандарын сөз кылып, аларда жок нерселерди ойлоп таап, ой-тоодон, асман-арбактан алынган ой-жорууларды ага чаптаган парапсихолог, гипнолог, торолог, экстрасенс, көзү ачык сыяктуу көп сандаган адистер пайда болду.
04.03.2015. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3.
Алардын айрымдары өзүлөрүн манас таануучу, манас изилдөөчү деп атап алышып, салттуу эпостун маани-маңызын, рухун бурмалаган, тикелей бузган көз караштарды элге сиңирүүгө жан талашып аракеттенип жатышат. Мындай чыгармалардын ири алдында Жайсаң Үмөт уулунун арбагынан алып, Бүбүмариям Муса кызы жазды делинген "Айкөл Манас" аттуу чуулгандуу чыгарма турат. Бул он томдуктун авторлору "Кылым көчү" аттуу коомдук бирикменин мүчөлөрү болуп эсептелери шексиз.
04.03.2015. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4.
Алар өз жактоочулары жана сүрөөнчүлөрү менен бирдикте салттуу эпостун сюжетин, идеясын жана образдар системасын ченемсиз бурмалап бузган, элге жат идеяларга толтурулган дастан сымал бул чыгармасын "чыныгы эпос - ушул", "кыргыздын чыныгы тарыхы ушул" деген зордукчул көз карашын элге таңуулап отурушат. Чын-чынына келгенде бул чыгарма элдик эпостун рухун биротоло бузуп, маани-маңызы чалкеш бирдемеге айлантып, ал аркылуу аны жараткан элди мазактоо максаты менен жазылгандыгы шек туудурбайт.
04.03.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5.
Эпостун салттуу тазалыгын сактоо - азыркы учурдун эң орчундуу милдеттеринин бири. Ошондуктан жүздөгөн жылдардан бери калыптанып, элибиздин жан дүйнөсүнө сиңген эпостун асыл идеяларын, образдарын жана философиясын С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, М.Чокморов, Ш.Азизов (ж.б.) сындуу залкар манасчылардын варианттары боюнча элге кеңири жайылтуу, пропагандалоо жана келечек муундарга окутуу маселелери туура жолго коюлушу керек.
04.03.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6.
Бул маанилүү иште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 9-июнунда кабыл алынган "Манас" эпосу жөнүндө мыйзамы укуктук негиз катары жетекчиликке алынышы милдет. Бул мыйзамга ылайык "Манас" эпосун ар кандай бурмалоолордон, улуу мурастын атына жамынып терс идеяларды элге сиңирүү аракеттеринен арылтуу, мындай иштерге чечкиндүү бөгөт коюу зарыл.Эпосту билим берүү мекемелеринде окутуу маселеси да ушул мыйзамга, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген типтүү окуу программаларына ылайык белгилүү бир ырааттуулукта жүргүзүлүшү зарыл.
04.03.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7.
"Манас" эпосун сактоо иш жүзүндө кыргыз элинин руханий саламаттыгын сактоо дегенди түшүндүрөт. Аталган иш-аракеттердин өтө маанилүү жана кечиктирилгис мүнөздө экендигин белгилеп, "Улуу сөздүн кечээги жана бүгүнкү тагдыры" аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын
резолюциясы кабыл алынган (ал төмөндө).
04.03.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8.
2013-жылды "Манас" жылы деп жарыялоо өтүнүчү Кыргыз Республикасынын Президентине жана Жогорку Кеңешке жиберилсин.
Кыргыз элинин рухий саламаттыгынын баштапкы жана эң орчундуу булагы болуп эсептелген "Манас" эпосун бурмалоолорго жана анын атынан башка бир чыгармаларды сунуш кылууга жол берилбесин. Мындай аракеттер улуттун рухий коопсуздугуна шек келтирген кадам катары баалансын."Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, М.Чокморов, Ш.Азизов (ж.б.) салттуу варианттарын калың элге жеткидей нускада бастырып чыгаруу иши колго алынып, аны каржылоо ишине көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
04.03.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
9.Салттуу варианттардын негизинде үчилтиктин кыскартылып бириктирилген жана калың элге жеткиликтүү боло турган вариантын түзүп (белгилүү адистер тарабынан), көп нускада бастырып чыгаруу максатка ылайык деп табылсын.
Манас таануу сабагы орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында С.Орозбаков жана С.Каралаев сыяктуу залкар манасчылардын классикалык варианттары боюнча гана окутулсун.
04.03.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10.
"Манас" эпосунун классикалык үлгүлүү варианттарын башка тилдерге которууда бурмалоолорго жана кошумчаларга жол берилбесин.
"Манас" эпосунун классикалык үлгүлүү варианттарын ар тараптуу жана терең изилдөө иштерин күчөтүү максатында КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун алдында "Манас таануу борборун" кайра ачып, зарыл каражат жана кадрлар менен камсыздоо жагы КР Өкмөтүнөн суралсын.
04.03.2015. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
11.
Кыргыз-Орус Славян университетинде автордук коллектив тарабынан жазылган "Манасоведение" аттуу окуу куралын колдонуудан алып салуу жагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен суралсын.
Массалык маалымат каражаттарында жана коомдук телерадиоканалдарда Манастын ысымын туш келди пайдаланып, иш жүзүндө эпостун аброюн тебелеп- тепсеген материалдарды текшерүү, чындыгын далилдөө иштерин жүргүзүү мамлекеттик тиешелүү органдардан суралсын.
04.03.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
12.
Манас таануу сабагын Бүбүмариям Муса кызынын кайыптан алып жазылды делинген "Айкөл Манас" ("Жайсаң") аттуу маани-маңызы бузук, салттуу эпосту өлчөөсүз бурмалаган чыгармасы боюнча өтүүгө таптакыр тыюу салынсын.
Бүбүмариям Муса кызынын кайыптан алып жазылды делинген "Айкөл Манас" китебин орто мектептердин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын китепканаларында ачык колдонуудан алып салуу жагы КР Билим берүү жана илим министрлигинен суралсын.
04.03.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
13.
Бүбүмариям Муса кызынын кайыптан алып жазылды делинген "Айкөл Манас" китебин мамлекеттик телерадиоканалдарда, гезит-журналдарда пропагандалоо ишине тыюу салынып, көзөмөл жүргүзүү жагы тиешелүү бийлик органдарынан суралсын.
Бүбүмариям Муса кызынын кайыптан алып жазылды делинген "Айкөл Манас" китеби "чыныгы "Манас" эпосу же анын варианты, "анда айтылгандар чыныгы кыргыз тарыхы" деп "Манас" эпосу жөнүндөгү" мыйзамга карама-каршы келген көз караштарды жайылткандар жоопко тартылсын.
04.03.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14.
Ушул бузук чыгарманы жаратып, жайылтууга активдүү катышкан "Кылым көчү" аттуу коомдук бирикменин ишмердүүлүгүн текшерүү иши КРнын тиешелүү мамлекеттик органдарынан суралсын.
Ушул он томдукту элге сиңирүүгө чоң салым кошуп, идеологиялык жактан камсыздап келген Саентология борборунун ишмердүүлүгүн текшерүү иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү бийлик органдарынан суралсын. (Мындай борбор Казак Республикасында жана бир катар чет өлкөлөрдө зыяндуу уюм катары жабылган).
04.03.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15.
"Айкөл Манас" китебин бир нече жолу көп нуска менен басып чыгарып, басымдуу бөлүгүн бекер тараткан "Бийиктик" басмаканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү тиешелүү органдардан суралсын.
04.03.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
16.
"Кылым көчү" бирикмесинин активдүү мүчөсү кинорежиссёр Э.Абдыжапаровдун саентологиячыл, мунчул көз карашын тиешелүү органдар далилдесе, ошондой эле анын КТРКнын берүүлөрүнө катышы бар экендиги текшерилип, жайсаңчылардын иш-аракеттерин жайылтууга тиешеси бар экендиги аныкталса, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгаруу маселеси Жогорку Кеңештен суралсын.
04.03.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17.
"Айкөл Манас" он томдугун тынымсыз элге сиңирүүгө аракет кылган "Манас жаңырыгы" телерадиокомпаниясынын ишмердүүлүгүнө "Элдин рухий саламаттыгы сакталуудабы?" деген көз караштан укуктук баа берилсин.
"Манас" эпосу боюнча олуттуу маселелерди талкуулоо максатында 2012-жылдын октябрь-ноябрь айларында жалпы республикалык симпозиум өткөрүлсүн.
04.03.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18.
Жогорку билим жөнүндөгү мамлекеттик стандартка "Манас таануу" адистигин мамлекеттик компонент катары киргизүү КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен суралсын.
04.03.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19.Резолюция конференциянын катышуучуларынын абсолюттук көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен кабыл алынды.
Жакиев Бексултан
Кыдырбаева Раиса
Садыков Абдыкадыр
Даутов Кадыркул
Өмүрканов Анатай
Дүйшеев Шайлообек
Абакиров Курманбек
Абакиров Мелис
Сооронов Омор
Тургуналиев Топчубек
Биялиев Абак
Жайнакова Айнек
Нурушев Эсенбай
Мусаев Сыртбай
Байжигитов Калыбек
Алахан Садык
Чоротегин Тынчтыкбек
Мукасов Мурат
Медетов Аскар
Турдубаева Назгүл
Исаева Сайрабүбү (238 адам кол койгон)
05.03.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай конференция болуп, резолюция кабыл алынган эле, бирок бул иштин жыйынтыгы кандай болгонунан кабарым жок, тилекке каршы.
Бул китептин авторун,аны чыгарууга көмөктөшкөн адамдарды сектанын мүчөлөрү,ошолор каржылайт, ошон үчүн кыргызга, Манаска тиешеси жок нерселер аталган китепте камтылып калган деп айтылат.
Мисалы, 10 томдук чыгыптыр, ар бир томдугу эле 1000 нускадан кем эмес болсо, 10 томдукту эсептеп көргүлө, канча болот,аны басууга эле канча каражат керек...
05.03.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Китептин бирин окуп баштап, эмнегедир окуй албай койгом, тартпай койгон, анда мындай чуу боло элек, "тынч заман" болчу.Китептин арасында Арууке, дагы бир канча "Манастагы" каармандардын "сүрөттөрү" бар эле, ал автордун көзүнө көрүнүп, анан тарткан имиш. Чынын айтсам,ал сүрөттөрдү көргөндө коркосуң,"Арууке кантип эле ушундай болсун?" деген ой келген мага, анткени сулуу эмес, коркунучтуу берилген.Китепти окуп баштай электе эле сүрөттөрү мени ойлондуруп, окубай койгонума да себеп болгон го дейм.
05.03.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул улуу Манасыбызды да жөн койбой, ага бир нерселерди "чаптап", андан пайдалангысы келгендер, кыргызды садага чапкысы келгендер, аларга баары бир экени ойлондуруп келген.Бактыга жараша,аны өз учурунда байкап, ага билими, күчү жеткен инсандарыбыз аларды ооздуктай алды го деп ойлойм.
Ал эми бүгүнкү маалымат жыйынын бергендер бул боюнча кабары жок окшойт деп калдым,балким, ушуларды окуп маалымат алышар.Же Бүбүмариям ишмердүүлүгүн дагы эле улантып жатканбы...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: