Социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салуучу мыйзам долбоорун парламент 2-окууда жактырды
Жогорку Кеңеш бүгүн, 4-мартта мектеп, оорукана, тамактануучу жайлардын жана башка социалдык мекемелердин аймагында курал сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Буга чейин парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети бул документти карап, талкуулардын жыйынтыгында колдоосун көрсөткөн. Депутат Галина Скрипкина куралдарды сатууга тыюуну бир гана социалдык мекемелерде эмес, турак үйлөргө жакын аймакта да сатууга тыюу салуу керектигин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

