super.kg logo
  Саясат  

Жеке детективдердин жана жекече күзөтчүлөрдүн кардарларынын укуктарын коргоо боюнча демилге парламентте колдоо тапты

 

Жеке детективдердин жана жекече күзөтчүлөрдүн кардарларынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзам долбоору бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеш жактырды.

Мыйзам долбоорунда иш берүүчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында жекече детективдерге жарандардын инсандыгын мүнөздөгөн өмүр баяндарын жана башка маалыматтарын алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек келишимдерин иш берүүчүлөр менен түзүүдө келишимдик негизде жыйноо укугун берүү сунушталган. Аталган ченемдин кабыл алынышы иш берүүчүлөргө абийирдүү жана кесипкер кадрларды тандоого, жарандардын инсандыгын мүнөздөгөн өмүр баянын жана башка маалыматтарды жыйноо боюнча көптөгөн изин суутпай издөө агенттиктеринин детективдик кызмат көрсөтүүлөрүн “көмүскөдөн” чыгарууга, ошондой эле жеке детективдик ишти натыйжалуу көзөмөлдөөнү жана аны камсыз кылууга өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: