super.kg logo

Жалал-Абадда отурумда эхинококкозго каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар талкууланды

 

Жалал-Абадда “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында эхинококкозго каршы иш-чараларды жүргүзүүдөгү тараптардын өз ара аракеттери боюнча 2-отурум болуп өттү. Бул программа КРнын Айыл чарба жана мелиорация жана Саламаттыкты сактоо министрликтери тарабынан бекитилген 2015-2018 жылдарга карата эхинококкоз менен күрөшүү боюнча стратегиялык планына ылайык жүргүзүлүүдө.

Шаардык мэриядан кабарлашкандай, аймактык башкарууларда жеке ветеринардык кызматкер болушу керек. Долбоор боюнча, жеке ветеринардык кызматкерге эмгек акы берилет. Жеке ветеринардык кызматкер журналга каттоо, дегельминтациялоо, кулагына эн басуу сыяктуу иштерди аткарат. Бир ит 4 айда 1 жолу дегельминтациядан өтүүсү зарыл жана иттерди дегельминтациялагандан кийин 72 саат бою байлоодо кармап жана алардан чыккан кыктарын өрттөп же жерге көмүп жок кылуу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Статистикалык маалыматтар боюнча, 2014-жылы эхинококкоз оорусу менен ооругандардын саны 32ни түзөт. Ар бир миң адамдын 18ине операция жасалууда.  

Отурумдун жыйынтыгында эхинококкоз оорусу боюнча элдин арасында маалымат каражаттары аркылуу жана жума күнү мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жогорку жана орто окуу жайларда лекцияларды уюштуруу керектиги белгиленди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: