super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. 2013-жылы облуста мектепке чейинки 7 мекеме курулат

 

Ысык-Көл облусунда 2013-жылы мектепке чейинки 7 мекеме  куруу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Айтымында, алардын ичинен Ак-Суу районунун Орленное, Отрадное жана Шапак айылдарына 3 бала бакча ачылат. Мындан сырткары Каракол шаарындагы №14 жана №8-орто мектептеринин базасында бирден бала бакча уюштуруу болжолдонууда. Ошондой эле бүгүнкү күндө Ысык-Көл районунун Кашат жана Кара-Ой айылдарында 2 бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, облуста учурда 57 мектепке чейинки мекеме бар, анда

6 миң 600дөй бала тарбияланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: