Кыргыз өлкөсүнүн делегациясы чек ара маселеси боюнча Тажикстанга учуп кетти
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган кыргыз мамлекетинин делегациясы бүгүн, 4-мартта чек ара маселеси боюнча Тажикстанга учуп кетти. Делегация кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышат.
Комиссия отуруму 4-7-март күндөрү өтүп, анда өлкөлөр ортосундагы тактала элек чек ара тилкелери боюнча укуктук маселелер талкууланарын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

