Борбордо эки айдоочунун талашынан унаа тыгыны пайда болду







Бүгүн, 4-мартта борбордогу Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде эки айдоочунун талашынан унаа тыгыны пайда болду. Анда Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа арты менен чыгып келатып күн чыгыш тарапты көздөй кетип бараткан Лексус 350 үлгүсүндөгү унаанын капталын чийип алган. Окуя болгон жерде айдоочулардын териштирүүсү 30 мүнөттөн ашып, унаа тыгыны пайда болду. Айдоочулардын пикири келишпедиби же келтирилген зыяндын суммасын чече албай жатыштыбы, айтор, эки айдоочунун айынан башка айдоочулар да ыңгайсыздыкка туш болушту.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
Лексус 350 үлгүсүндөгү унаанын артынан келаткан троллейбустун айдоочусу артка же алдыга айдай албай кыйналды. Натыйжада троллейбус унаа жолунун каршы тилкесине чыгып айдоого туура келип, ал башка айдоочуларга кооптуу жагдайды жаратты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.