super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгарып жиберүү механизмин сунушташууда

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Курмантай Абдиев менен Майрамбек Расулов Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгарып жиберүү механизми боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Документтин негиздеме-маалым катында төмөнкүлөр айтылат:

Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгарып жиберүүнүн мыйзамдык негиздери жана аларды чыгып кетүүгө жана чыгарып жиберүүгө көрсөтмөлөрүн берүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары так жана толук аныкталбагандыктан, мыйзам өз максатына жетпей келген.

"Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен мыйзамдарды бузгандарды өлкөдөн чыгарып жиберүүнүн мыйзамдуу механизмдери иштелип чыкса, кыйла натыйжалуу болмок. Андан сырткары мыйзамдын кыргыз тилиндеги тексти менен расмий тилдеги тексттери шайкеш келбей, айырмачылыктар орун алган.

Ошондуктан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгарып жиберүү үчүн “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамында каралган негиздерди толуктоо үчүн аталган мыйзамдын 19-беренесине өзгөртүүлөр жана редакциялык жактан толуктоолор киргизилип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: