"Бишкекте катуу сабалып, зордукталып ооруканага түшкөн 2 жаштагы бала салмак кошо баштады" дейт дарыгер

"Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала салмак кошо баштады. Учурда ал сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, бирок дале өзүнө келе элек". Мындай маалыматты бүгүн, 4-мартта SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
Автор: Мальвина Уметбекова
"Азырынча баланын абалында олуттуу өзгөрүүлөр боло элек. Ал качан өзүнө келерин божомолдоо да кыйын. Эсиңиздерде болсо, ал бир нече убакыттан бери тамак-аш жута баштаган. Ошондон бери ал салмак кошуп, кичине толуп калды",- дейт Т.Өмүрбеков.
Анын айтымында, учурда бала күнү-түнү 3 дарыгердин көзөмөлүндө. Буюрса, жакынкы убакыт аралыгында бала өзүнө келет деп үмүттөнүшүүдө.
Айта кетсек, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Кийин соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган болчу. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/103111/