super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары "Кумтөр" кенинин абалын көрүштү

 

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети 3-мартта көчмө жыйын өткөрүп, "Кумтөр" кениндеги иштин абалы менен таанышты. Аталган комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев: "Бийик тоодогу көлдөр менен мөңгүлөр кыргыз мамлекетинин баа жеткис байлыгы экени талашсыз, биз аларды сактап калышыбыз керек. Бул жолу алтын кениндеги тобокелчиликтер жаатында толук кабар алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү",- деп билдирди. Анын пикиринде, учурда кендин аймагынан уулуу заттар агып чыккан жок жана бардык техникалык коопсуздук талаптары сакталууда.

Кыргыз өкмөтү "Центерра" компаниясы менен экологиялык зыяндардын ордун толтуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүшү керектигин белгилеген депутат буларды кошумчалады: "Келечектеги келишимге кол коюлуп жатканда кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгы ишенимдүү корголушу зарыл. Биздин өкүлдөр каржы агымын катуу көзөмөлгө алып, каражаттын уурдалышына жол бербөөгө тийиш".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: