Мамлекет башчы Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдиновго чара көрүү тапшырмасын берди
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев И.Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдиновдун айланасында айтылып жаткан маалыматтарды териштирип чыгуу үчүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге жана башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырма берди. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев SUPER.KG порталына тастыктады.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, 2011-2012-2013-жылдары Зурдинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган окуу жайга 25тей абитуриентти "Апрель баатырларынын балдары" деген комиссиянын чечими менен окуу жайга кабыл алганын жакында “Апрель баатырлары” уюмунун мүчөлөрү айтып чыгышкан. Алар ректордун "Апрель баатырларынын балдары" деп өзүнүн жакындарын окууга киргизгенин кошумчалашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

