super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекетинде учурда 2545тей сатып алуучу уюм бар

 

Кыргыз мамлекетинде 2545тей сатып алуучу уюм болсо, мунун ичинде тендер өткөрбөстөн бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонгондор да бар. Анткени алардын чыгымдары минималдуу чектик суммадан: 500 000 сомдон ашпайт. Бул тууралуу 4-мартта Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.   

Департамент башчысы былтыркы мамлекеттик сатып алуулар тууралуу билдирди. Анын билдиришинче, 2014-жылы сатып алуучу уюмдар тарабынан берилген сатып алуулардын протоколдору боюнча 18 миллиард 6 миллион сомго 4815 тендер өткөрүлгөн. Анын ичинен мамлекеттик мекемелер тарабынан 7,6 миллиард сомго 2533 тендер, ачык акционердик коомдор жана мамлекеттик ишканалар тарабынан 8,4 миллиард сомго 1170 тендер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2,5 миллиард сомго 1112 тендер өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: