super.kg logo

Акыркы суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, Түп районунда турак үй толугу менен күйүп кетти

 
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 60 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Базар-Коргон районунда турак үйдүн ашканасынан өрт чыкты. Анын кесепетинен 1 жылытуучу меш жана үй оокаттары күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик   электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: