super.kg logo

33 миллион сом сарпталып, салынып бүтпөй жатып талкаланган Ала-Тоонун даңгыр жолу

 
33 миллион сом сарпталып, 3 айга түтпөгөн жол...
Мына минтип компания жолдун Назарбаевдин мектебине жакын тилкелерин тосуп, оңдоп башташты.
Бул жол Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мектеби курулуп жатканына байланыштуу салынган.
1,7 чакырымга асфальт төшөлүп, калган 1 чакырымдай бөлүгү оңдоосуз калды.

Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы жол толук асфальт төшөлүп бүтө электе талкаланып калды. Аталган 1,7 чакырым жолду 2014-жылдын ноябрь айында тендерден утуп чыккан “Грандстат” ЖЧКсы салган. Бирок суук түшүп калгандыктан, иш бир жарым ай ичинде бүткөрүлүп, сапатсыз аткарылгандыктан, кар эригенде асфальт жарылып, талкаланып калган. Конуш тургундары ишкана асфальттын астына шагыл төшөөнүн ордуна топурак төшөгөндүктөн, асфальт декабрь айында эле чөгүп кеткенин айтышты. Ал эми жолдун биринчи катмарына бөлүнгөн 69 миллион сомдун 33 миллиону сарпталган. Бишкек мэриясы учурда аталган ишкана өз каражатынын эсебинен жолду калыбына келтирип бермейинче экинчи катмарга делинген 36 миллион сом берилбей турганын билдирди.

“Грандстат” ЖЧКсы кечээ, 4-мартта чөгүп кеткен жолдун чуңкурчаларын толтуруп баштады. Тилекке каршы, жолдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин каржылык колдоосу менен салынган мектепке чейинки бөлүгү гана оңдолуп, калган 1 чакырымдай бөлүгү мурдагы абалында калган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.03.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол 33 миллиондун сарпталганы да кумон болуп калды. Акча алып жаткандан кийин зынкыйтып жолду салып коюшса болмок.
05.03.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолду акчасын жеген адам онбойт. Чын журоктон салып койгула. Кол тийди ********тийди кылбай.
06.03.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al79mi, Саламатсызбы!
Маалымат такталып жазылган.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: