Ош. 8-Мартка карата бала бакчалардын тарбиялануучуларынын катышуусунда иш-чаралар өтүп жатат











Март айынын алгачкы күндөрүнөн баштап Ош шаарындагы №35-балдар бакчасында 8-Март - Айымдардын эл аралык күнүнө карата ата-энелердин катышуусунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда 2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы бала бакчанын тарбиялануучулары окуудан сырткары үйрөнүп жаткан ыр-бийлерин, оюн-зоокторду көрсөтүү аркылуу жалпы аялзатын майрамы менен куттуктоодо.
Бала бакчаларда майрамды белгилөөнүн максаты өсүп келе жаткан бөбөктөргө өлкөдө белгиленген даталуу күндөр тууралуу маалымат берип, анын маанисин түшүндүрүү болуп саналат. Бул майрам аталган бакчадан сырткары шаардагы бардык бала бакчаларда жана мектептерде белгиленүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.