Токтогул районунда күйүүчү май ташыган унаа кулап, 20 тонна бензин жолго төгүлдү
Токтогул районунда күйүүчү май ташыган унаа кулап, 20 тонна бензин жолго төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 4-март күнү Чычкан капчыгайында болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаанын токтоткучу (тормоз) кармабай калып кулаган. Анын кесепетинен 20 тонна бензин жолго төгүлгөн. Ал эми айдоочу эч кандай жараат алган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.