super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Шаардык кеңештин отурумунда шаарда сатыкка жер калбай калганы айтылды

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги 21-сессиясында 8 негизги жана 4 кошумча маселе каралууда. Мэриядан кабарлашкандай, алгач Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2015-жылга карата түзүлгөн перспективдүү планын бекитүү маселеси талкууга алынып, депутаттар тарабынан бекитилип берилди. Бул маселеде муниципалдык жерлерди сатууга тыюу салуу, башкача айтканда, мораторий жарыялоо сунушуна, депутаттар социалдык объекттерди жана көп кабаттуу үй курууга ниеттенген инвесторлорго бул мораторий колдонулбайт деген чечимге келишти. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Айтакалов: “Жалал-Абад шаарында сатуу үчүн жер калбай деле калды. Бирок муниципалдык жерге социалдык объект жана көп кабаттуу үй курууга кызыкдар тараптар болсо, биз аларга шарт түзүп беришибиз керек”,- деди. Өтүп жаткан сессияга 31 депутаттан 28 депутат катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: