super.kg logo
  Саясат  

Данияр Тербишалиев: "Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын ээлери көл жээгиндеги тосмолорду алгысы келбей жатышат"

 
Мыйзамдын талаптарына ылайык, Ысык-Көлдөгү эс алуу жайлары жайгашкан жердеги суу жээги 100 метрге чейин тосулбай, жергиликтүү жашоочулар эркин кирип-чыгып турууга укуктуу. Муну парламенттин 5-марттагы жыйынында депутат Данияр Тербишалиев билдирип, эс алуу жайларынын ээлери мындай талапты аткаргысы келбей жатышканын айтты. 

"2010-жылдагы Июнь окуясы учурунда жергиликтүү тургундар эс алуу жайларын талап-тоноодон сактап калгандыктан, алардын жетекчилери тосмолорду алып салууга убада беришкен эле. Бирок ал убада ушул кезге чейин аткарылган жок. Ошондуктан жергиликтүү тургундар мыйзам аткарылбай турган болсо, көл жээгиндеги тосмолорду өздөрү алып сала тургандыктарын билдиришти. Өкмөт бул маселени чечүү багытында шашылыш чараларды көрүүгө тийиш",- деди Тербишалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: