super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 
Бүгүн, 5-мартта президент Алмазбек Атамбаев сот системинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо президент өлкө адам укугун урматтаган, эркин жана калыс коомду куруу жолунда бара жатканын белгилеп, күчтүү, көз карандысыз жана жарандардын ишенимине татыган, жоопкерчиликтүү сот бийлигисиз бул максатка жетүү мүмкүн эместигин кошумчалады.

"Татаалдыктарга карабастан, кыргыз жеринде мыйзамдуулукту бекемдөө жана жазанын артка кайтпастыгын камсыз кылуу жараяны жүрүп жатат. Сот адилеттигин жүргүзүүдө дагы көптөгөн тоскоолдуктар бар экендигин моюнга алуу керек. Бирок бир нерсе айкын – сот адилеттиги үчүн “кол жеткис” артыкчылыктуу каста жок. Андыктан сот системин реформалоо, калыс жана айкын сот адилеттигин камсыз кылуу Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп калды. Бул иштин жыйынтыгы катары өлкөнүн жарандары мыйзам алдында бардыгы бирдей жана мыйзамды бузгандык үчүн жаза кайтпас экендигин реалдуу сезиши керек.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын судьялары, соттук коомчулуктун өкүлдөрү!

Сот бийлигин бекемдөө көп жагынан сиздердин өз милдеттериңиздерди ак ниеттүүлүк менен, адилет аткарганыңыздарга жараша болот. Сиздер эң оболу жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргошуңуздар керек. Ар бир соттук чечимдин артында адамдын тагдыры турары эсиңиздерде болсун жана калыс, акыйкат чечимиңиздер менен адамдардын мамлекеттик бийликке болгон ишеничин арттырасыздар. Сиздерге ден соолук жана ары татаал, ары жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!"- деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: