Тогуз коргоол боюнча өлкө биринчилигинде командалык эсепте Бишкектин командасы 1-орунду ээледи
Кечээ, 4-мартта тогуз коргоол боюнча өлкө биринчилигинин командалык эсептеги жеңүүчүлөрү аныкталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда жеңүүчүнү аныктоо олимпиадалык систем боюнча өтүп, 2 жеңилүү менен командалар чемпиондук жарыштан чыгып калып жатышты.
Жыйынтыгында кыз-келиндер арасында жеңишти Ысык-Көл облусунун курамасы багындырса, 2-орунду таластык спортчулар ээлешти. 3-орунду Ош облусунун курамасы камсыздады. Ал эми уландар арасында 1-орунду Бишкектин курамасы, 2-орунду Ысык-Көл облусунун командасы, үчүнчүлүктү Таластын командасы ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















