Министр: "Быйыл жазгы талаа иштеринде дизель отунунун тартыштыгы болбойт"

Бүгүн, 5-мартта маалымат жыйынында КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев: "Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл дизель отунуна болгон баа арзан. Быйыл дизель отунунун тартыштыгы болбойт",- деп билдирди.
"Былтыр өлкөдө дизель отунунун тартыштыгы болгон. Ага байланыштуу айрым аймактарда митингдер жана нааразылыктар болуп өткөн. Быйыл өлкөдө жетишерлик өлчөмдөгү дизель отуну бар, жазгы талаа иштеринин жүрүшүндө эч кандай тартыштык болбойт",- деди Т.Айдаралиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

