super.kg logo
  Саясат  

Баткенде “Кыргызнефтегаз” ишканасы 1 жылда 16 миң тонна мунай өндүрөрү айтылды

 

Баткен облусунун Лейлек районунда “Кыргызнефтегаз” ишканасы 1 жылда 16 миң тонна мунай өндүрөт. Бирок тиешелүү салыктар ошол жерге калтырылбай жатат. Бул тууралуу депутат Назарали Арипов 5-мартта парламент жыйынында билдирди. Аймактагы Кайрагач айылынын тургундары мектеп куруп берүүнү суранып жатышканын айтып, өкмөт башчы ишканадан түшкөн салыктардын эсебинен мектеп куруп берүү боюнча убада бергенин эске салды. Арипов өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүн бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Депутат парламенттин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кабыл алган токтомуна ылайык, бөлүнө турган каражаттардын кандайча жумшалары боюнча да маалымат берүүнү талап кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: