"Унаага май куюучу жайдан 1000 сомго таптакыр толук бензин куйдура албай койдум" дейт депутат Сакебаев
Бүгүн, 5-мартта парламент жыйынында депутаттар унааларга май куюучу жайлардын бензинди берилген акча боюнча толук куйбай жатышын сындашты. Депутат Эркин Сакебаев тиешелүү инспекцияларга бул жайларды текшерүүнү сунуштады. "Баарыбыз эле унаа менен жүрөбүз. 1000 сом берсең эч качан ага толук бензин куюлбайт, 999 сомго куюлат же башкача. Дайыма ушундай болот, муну көзөмөлгө алыш керек",- деп билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Мындай пикирди депутат Исмаил Исаков да колдоду. "Эгер май куюучу жайлар ар бир унаадан жарым литрден үнөмдөп кала берсе, анда канчалаган акча табышууда?"- деп нааразычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
3

