super.kg logo
  Саясат  

Малайзиядагы кыргыздардын "Ала-Тоо" биримдиги түзүлөт

 
"Ала-Тоо" аттуу Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин жетекчиси Сагындык Балтабаев.
Малайзиядагы активдүү кыргыз жарандары тарабынан кыргыздардын "Ала-Тоо" биримдиги түзүлөт. Бул тууралуу 5-мартта биримдикти жетектеген Сагындык Балтабаев билдирди. Анын айтымында, бул биримдик Малайзиядагы мекендештерибиздин демилгелерин колдоо, маданий иш-чараларды уюштуруу, кыргыз өлкөсүнө инвестиция тартуу үчүн мамлекеттик жана менчик уюмдар менен тыгыз кызматташуу, кыргызстандыктардын укугун коргоо жана жардам берүү, Малайзияда жашоо жана аталган өлкөдө ишкердик жүргүзүү тууралуу бекер кеңеш берүү боюнча иш алып барат.
Ошондой эле мекендештер бул кеңсени документтерди жөнөтүү же алуу борбору, чакан жолугушууларды өткөрүү үчүн пайдаланышса болот. Андан тышкары кеңсеге буюмдарды да сактоого таштай алышат.
"Ала-Тоо" биримдигинин кеңсеси Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында ачылып, азыркы тапта биримдикти расмий түрдө каттоодон өткөрүү иштери жүрүүдө. 
"Азыркы тапта биримдикте иш алып баруу үчүн активдүү жарандарды издеп жатабыз. Мекендештерибиз менен баарлашууга кызыкдарбыз жана сунуштарыңыздарды кабыл алууга даярбыз. Демилгени колдоого алган КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановго ыраазычылык билдирем",- дейт Сагындык Балтабаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: