super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик кызматкерлердин эне тилди билүү деңгээлин жогорулатуу долбоору талкууланды

 

Кыргыз мамлекетинин президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Алмаз Кулматов менен БУУнун Жогорку комиссиясынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Беа Френси мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эне тилди билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоордун механизмдерин, мөөнөтүн жана ишке ашыруу тартиптерин талкуулашты. Бул тууралуу 5-мартта аталган комиссиядан билдиришти. 

"Мамлекеттик тилди окутуу үстүбүздөгү жылдын жаз айларында башталып, жыл ичинде ишке ашырууга багытталган. Долбоордун алкагында максаттуу окутуу-усулдук куралдарын иштеп чыгуу жагы каралган. Мында мамлекеттик тил эне тили болуп саналбаган кызматкерлерге арналган окуу китептерине жана окутуу курстарына өзгөчө көңүл бурулмакчы",- деп билдирет мекеме. 

Окутуу курстары 2017-жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөнү баштай турган “Кыргыз тест” системинин талабына ылайык келиши зарыл экени айтылды.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: