Кыргыз Республикасынын жана Башкортостандын билим берүү кызматташтыгы талкууланды





Мындан тышкары эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы тажрыйбасы боюнча маалымат алмашуулар болуп, мындан кийинки билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Муну менен катар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча бир маанилүү келишимдерге кол коюлду.
"Бүгүнкү кол коюлуп жаткан келишимдер Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына олуттуу натыйжаларды алып келет деген ойдомун. Себеби, баарыбызга белгилүү болгондой, Башкортостан педагогикалык окуу жайы Орусиядагы эң мыкты кадрларды даярдаган окуу жай болуп эсептелет. Ал эми мыкты педагогдорду даярдоо биздин дагы олуттуу милдеттерибиздин бири. Ушул жагынан алганда биз педагогикалык кадрларды даярдоо багытында тыгыз иштешебиз деген ойдомун",- деди Эльвира Сариева.


