Эртең Жалал-Абадда айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш башталат

Жалал-Абад шаарында Аялдардын эл аралык күнүнө карата 6-7-март күндөрү билим берүү мекемелери жана башка ишканалар арасында волейбол боюнча кыз-келиндер мелдеши өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын максаты - аялдардын ден соолугун чыңдоо, аялдар арасында волейбол оюнун өркүндөтүү, сергек жашоого үндөө.
"Айымдарды спорт менен ден соолугун чыңдоого жана бири-бирин сыйлоого чакыруу, жаштар арасында жаман адаттардын, кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулууда",- дейт Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Бакиров. Жеңүүчүлөр аталган бөлүм тарабынан дипломдор жана баалуу майрамдык сыйлыктар менен сыйланышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.