super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте алыш күрөшү боюнча Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган "Гран-При" мелдеши өтөт

 
16-18-март аралыгында Бишкекте алыш күрөшүнүн негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган "Гран-При" мелдеши өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта маалымат жыйынынын жүрүшүндө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди. 
Анын айтымында, мелдешке "Гран-При" деген статусту Эл аралык күрөш федерациясы (ФИЛА) берүү алдында турат. "Бул статусту алгандан мурун Эл аралык күрөш федерациясы атайын текшерүүгө келет. Гран-При мелдештери Дүйнө чемпиондугу жана Континенттер чемпиондугунан кийинки эле орунда турат. Ошол себептүү мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн Дене тарбия жана спорт агенттигинен 1,5 миллион сом бөлүндү. Ошондой эле Алыш күрөшү боюнча федерация да 1 миллион сом өлчөмүндө каражат сарптайт",- деди К.Эргешов.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.03.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
en sonun alysh kuroshun olimpiada oiununa kirgizishse bolot
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: